Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
25/01 16:14
 

Олег Панкратов: “Өкмөт автомашиналарды камсыздандырууну кийинкиге калтырууну сунуш кылат”

Бишкек, 25-январь /Салтанат Абдраева-Кабар/. Кыргызстандын Өкмөтү автомашиналарды камсыздандырууга айып пул салууну 2018-жылдан баштоону сунуштамакчы. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

“Унааларды милдеттүү камсыздандыруу тууралуу мыйзам 7-февралдан баштап күчүнө кирет. Коомчулуктун дүрбөлөңгө түшпөөсү жана милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттерди кичине жеңилдетүү үчүн аталган мыйзамдын жоопкерчилигин 2018-жылы 1-январга калтырууну сунуштоону көздөп жатабыз. Башкача айтканда, жаңы жобо менен таанышып, анын зарыл экендигин түшүнүү үчүн коомчулуктун 2 жыл убактысы болот. Биз 2 жылда эл мындай чаранын зарыл экендигин түшүнөт жана камсыздандырууга өздөрү барат деп ойлойбуз”,-деди О.Панкратов.

Ошондой эле, ал Жогорку Кеңеш бул мыйзамды кабыл алды. “Биз аны жокко чыгара албайбыз жана анын зарылдыгын көрө алган жокпуз. Бирок, биз эл өз эрки менен бул мыйзамды аткаргандай кылышыбыз керек”,-деди ал.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу