Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
25/01 14:13
 

Ишкер Б.Түлөбаев: «Жеке ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо керек»

 Ишкер Б.Түлөбаев: «Жеке ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо керек»

Анкара, 25-январь /Минара Ибраева-Кабар/. Жеке ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо керек. Бул тууралуу «Аю холдинг» ишканасынын вице-президенти Балбак Түлөбаев билдирди.

«Кандай гана учур болбосун жеке ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо керек. Эгерде мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөсө, эч кандай жылыш болбойт. Анда өлкөнүн экономикасынын да көтөрүлүшү кыйын. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын министрлери ишкерлер менен чет өлкөдө өтүп жаткан ар түрдүү иш-чараларга катышканы башка өлкөнүн ишкерлери менен байланышына чоң салым кошот. Бул өтө маанилүү. Анткени, алар ишкерлерге тоскоол болгон нерсени өкмөттүн деңгээлинде чечип, ыңгайлуу шарт түзүп берет»,- деди Б.Түлөбаев.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бизнеске тоскоол болгон 3500 мыйзам бар. Алардын ордуна ишкерлердин ишмердүүлүгүн өнүктүрө турган чоң мыйзамдарды кабыл алуу зарыл. Түркия менен болгон айрым мыйзамдарга толуктоолорду киргизишибиз керек. Ошондо гана кыргыз экономикасы өнүгөт»,-деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, кечээ Анкарада өткөн кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес-форуму эки өлкөнүнү карым-катнашын, достугун, өнөктөштүктүн мындан ары дагы бекемделишине шарт түздү. Себеби бул иш чара министрлердин катышуусунда жогорку деңгээлде өттү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу