Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
25/01 14:01
 

Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндө кичи жана орто ишканалардын үлүшү жогору

 Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндө кичи жана орто ишканалардын үлүшү жогору

Анкара, 25-январь /Минара Ибраева-Кабар/. Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүүсүндө кичи жана орто ишканалардын үлүшү жогору. Себеби Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болуп саналат. Бул тууралуу Түрк биржалар жана палаталар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклиоглу кыргыз-түрк бизнес форуму тууралуу айтып жатып билдирди.

«Алмазбек Атамбаевдин ТОББнун ЭТҮ университетинде ардактуу докторлук наамын алышы бизди сыймыктандырат. Түркия Италия менен Кытайдын ортосунда эң ири өнөр жай жайгашкан өлкө болуп эсептелет. Бүгүн 161 миллиард доллардык экспорттун , 92%ы өнөр жай товарларынан турат. Түркия туризмде дестинация жагынан дүйнөдө алтынчы орунду ээлейт. Ал эми курулушчулары жана кургактыктан жүк ташууда дүйнөдө экинчи орунда турат.Түркия экспортунун бир топ бөлүгүн Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жана АКШга жасайт. Бул экспорттун ичинен эң сапаттуу жана эң атаандаштык баада товар өндүрө алганыбыз так көрүнүп турат»,-деди Рифат Хисаржыклиоглу.

Түрк биржалар жана палаталар биримдигинин төрагасы кыргыз ишкерлерин Түркиянын соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдигине тосуп жатканы үчүн кубанычта экенин айтты. Ал эми, эки өлкөнүн министрлерине кыргыз жана түрк ишкерлеринин атынан ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу