Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
25/01 08:28
 

Кыргызстанда күнөсканалардын саны өсүүдө

Кыргызстанда күнөсканалардын саны өсүүдө

Анкара, 25-январь /Минара Ибраева-Кабар/. Өлкөбүздө күнөсканалардын саны өсүүдө. Бул тууралуу жеке ишкер Жаманкул Галдыбаев билдирди.
«Акыркы эки-үч жылда өлкөбүздө күнөсканалардын саны көбөйдү. Ага элдердин дагы кызыгуусу артууда. Жарандарыбыздын күнөсканаларды курууга кызыктар болуп жатканы байкалып жатат. Айрыкча Чүй облусунда күнөскана менен алектенгегндер көп. Албетте, өлкөбүздө дыйканчылыктын бул түрүн өнүктүрүшүбүз керек. Ага биринчиден талыкпаган эмгек талап кылынат. Мындан тышкары Өкмөт тарабынан дагы колдоо көрсөтүлүшү зарыл»,-деди Ж.Галдыбаев.
Жеке ишкердин айтымында, ал алгачкы ишмердүүлүгүн 30 сотых жер аянтчасы менен баштаган. Бүгүнкү күнгү жалпы аянты 1 гектарга жетип калды. Ал күнөскананын биринчи түшүмүн алып, жакынкы арада экинчи түшүмүн алууга аракет көрүп жаткан учуру.
«Азырынча өз күчүбүз менен аракет кылып жатабыз. Ал эми кошуна өлкөлөргө биздин азыктарды чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, инвестиция тартып, өнөктөштөр менен иштешкенге аракет жасайбыз. Муну менен катар биз өлкөбүздүн экономикасына дагы салым кошобуз»,-деп айтты ишкер.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу