Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/01 17:21
 

Быйыл ИДПнын өсүшү 5,2% болоору болжолдонууда

Бишкек, 23-декабрь /Салтанат Абдраева-Кабар/. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат Башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев билдирди. Анын сөзүнө караганда, оптимисттик болжол менен быйылкы жылдагы ИДП 5,2 пайыз болоору күтүлүүдө. Ал эми инфляция 7,8 пайыз болушу мүмкүн.
“Өткөн жылы биз ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болуп калдык, ага жараша быйылкы жылы чек аралардын ачылышынан натыйжа болот. Анын үстүнө ИДПнын 10 пайызын түзгөн “Кумтөр” быйылкы жылы токтобой иштеши күтүлүүдө. “Кумтөрдүн” жетекчилиги өндүрүштүн көлөмү төмөндөбөйт деген убадаларын берип жатышат. Мындан тышкары “Жунда” ишканасы да иштеп, 335 миң тонналык кайра иштетилген продукция бериши зарыл. Жакында Талды-Бул солжээк кени жана Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү завод ишке кирет”,-деди Н.Шамшиев.
Ошондой эле ал, Бишкек ЖЭЦин реконструкциялоо аяктап, белгиленген 300 мегаватт кубаттуулукту берсе, бул 237 мегаватт берип жаткан 4 ГЭСтин күчүнө барабар болорун белгилей кетти. “Бул оптимисттик болжолдоолор, ошол эле учурда пессимисттик сценарийлер да бар. Ал жакта цифралар мындан көп эле аз. Ал боюнча ИДПнын өсүшү болгону 2,2 пайыз. Бирок, белгилүү бир оптимисттик маанай жараткан жагдайлар бар. Бул үчүн бийликтин бардык бутагы биргелешип иштеп, көп күч жумшоолору керек. Өкмөт дал ушуга басым жасап, экономикалык өсүш болуусу үчүн алдына көп максаттарды коюп, программаларды жазып жатат”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу