Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/01 16:59
 

Элчи И. Жунусов: «Эл аралык форум эки өлкөнүн экономикасын, достугун бекемдейт»

Элчи И. Жунусов: «Эл аралык форум эки өлкөнүн экономикасын, достугун  бекемдейт»

Анкара, 23-январь /Минара Ибраева -Кабар/. Бул тууралуу Анкарада өткөн эл аралык «Кыргызстан бизнес форумунда» КРнын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов билдирди.
«Эки өлкөнүнү ишкерлеринин катышуусунда өтүп жаткан форумга Кыргызстандан 150 ишкер катышып, жогорку деңгээлде өттү. Эл аралык форум эки өлкөнүн экономикасына гана салым кошпостон, биздин достукту дагы бекемдейт. Бири-бирибиз менен болгон мамилелерибизди мындан ары дагы күчөтөт. Ал эми, кол коюлган келишим биз кепилдик берип, эч кандай коркунучу жок иштерди алып барууга шарт түзөт. Бүгүнкү күндө бизде кош салыкты алып салуу боюнча 21 өлкө менен келишим бар. Ал эми 27 өлкө менен чет мамлекеттен келген инвесторлорду коргоо жана колдоо боюнча дагы келишимдер түзүлгөн. Анын ичинде биринчи орунда Түркия мамлекети турат»,-деп айтты И.Жунусов.
«Ошондой эле, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу кыргыз жана түрк ишкерлеринин иш жүргүзүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзүп берет. Себеби, Кыргызстан пайдалуу геогорафиялык жерде турат. Түрк ишкерлери үчүн бир гана Кыргызстанга эмес, андан дагы чоң өлкөгө Кыргызстан аркылуу чыгууга чоң мүмкүнчүлү жаралып жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аткарылып жаткан иштер аз. Ал эми, аны көбөйтүү ишкерлердин колунда»,-деп баса белгиледи элчи.
Мындан сырткары түрк боордоштордон туризм тармагын өнүктүрүү боюнча дагы бир топ пайда алсак болот тургандыгын айтып өз сөзүн жыйынтыктады элчи.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу