Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/01 15:54
 

КР Экономика жана Түркиянын өнүктүрүү министрликтери эки тараптуу түшүнүшүү долбоорун талкуулашты

Бишкек, 23-январь /Кабар/. КР Экономика министри А.Кожошев жана Түркиянын өнүктүрүү министри Жевдет Йылмаз эки тараптуу кызматташтыктын түшүнүшүү долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жолугушуу Анкарада 21-22-январда өткөн кыргыз-түрк форумунун алкагында болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө А.Кожошев Кыргызстан Түркия менен соода-экономикалык байланышына ашкере көңүл буруп, анын тереңдешин ар тараптан колдой тургандыгын билдирди. Өз кезегинде Ж.Йылмаз Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы салттуу өз ара түшүнүшүү мүнөзү, соода-экономикалык байланышына жагымдуу таасир тийгизип, жемиштүү болуп жатканын белгилей кетти. Айта кетүүчү нерсе, 2014-жылы Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы сырткы товар жүргүзүү 312,2 млн АКШ долларын түзгөн. 2015-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 232,8 млн АКШ долларын түздү. Анын ичинде экспорт -77,6 млн АКШ доллары, импорт -155,2 млн АКШ доллары болду.
Жолугушуунун аягында тараптар биргелешкен долбоорлорду улантып, мындан ары кызматташтыкты чыңдай берүүгө кызыкдар экендигин билдиришти. Түркиянын өнүктүрүү министрлиги – бул 1960-жылы негизделген, мамлекеттик пландоо уюму болуп эсептелет. Ал 2011-жылдан Түркиянын өнүктүрүү министрлиги болуп кайра түзүлгөн. Бул министрлик негизги экспорттук уюм, ал Түркиянын өнүгүү процессин макро жол менен пландайт жана багыттайт, ошондой эле өнүгүү саясатын, стратегиясын жөнгө салып турат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу