Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/01 15:49
 

Кыргыз ишкерлери Түркиядагы ОСТИМ өндүрүш борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз ишкерлери Түркиядагы ОСТИМ  өндүрүш борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Анкара, 23-январь /Минара Ибраева-Кабар/. Кыргыз ишкерлери Түркиянын Орто чыгыш өнөр жай жана соода борбору ОСТИМ менен жакындан таанышып чыгышты. Ишкерлердин айтымында, алардын башкы максаты ОСТИМ ишканасынын ишмердүүлүгүн көрүп, ага окшогон өндүрүш ишканасын Кыргызстанда уюмдаштырып ишке ашыруу.
ОСТИМ Түркиядагы бирден бир Орто чыгыш өнөр жай жана соода борбору. Ал Анкара шаарында жайгашкан. 5200 ишканадан турган өндүрүш аймагы болуп саналат. Аталган ишканада товардын 190 түрү өндүрүлүп, дүйнөнүн 17 өлкөсүнө экспорттолот. 5 миллион чарчы метр аймактагы ээлген комплексте 60 миң киши эмгектенет.
Мындан сырткары форумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн ишкерлери бетме-бет сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тегерек үстөлдөр өттү. Иш-чаранын алкагында КРнын Түркиядагы элчилиги ОСТИМ өндүрүш аймагынын жетекчилиги менен биргеликте Кыргызстанда ОСТИМ сыяктуу ишкананы салуу үчүн кандай иштерди аткаруу керек экендиги тууралуу кеңири талкуу жүргүзүштү. Ошондой эле, КР соода өнөржай палатасы менен ОСТИМ ишканасынын жетекчилиги ортосунда келишимге кол коюлду. Бул келишимде Кыргызстанда да ОСТИМ сыяктуу өнөр жай аймагын куруп, аны менен кызматташуу боюнча маселелер каралды.
Эскерте кетсек, кечээ Анкарада эки күнгө созулган кыргыз-түрк бизнес форумуна эки тараптан жалпысынан 300дөй өкүл катышты.
Мындан сырткары Кыргызстандын КР экономика министри А.Кожошев, Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, эки өлкөнүн соода, өнөржай палаталарынын башчылары катышты.
Эл аралык форумдун башкы максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ишкерлерине түздөн-түз пикир алмашууга жол ачуу.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу