Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/01 12:14
 

КРнын ТИМнин РФнын Өкмөтү менен ГЭСтердин курулушу боюнча Макулдашууларды денонсациялоо боюнча расмий билдирүүсү

Бишкек, 23-январь /Кабар/. 2016-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаев Камбарата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадын куру жана ишке киргизүү жөнүндө КРнын Өкмөтү менен РФнын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууларды денонсациялоо жөнүндө Мыйзамга кол койду. Бул Макулдашууларга 2012-жылы 20-сентябрында кол коюлган. Бул тууралуу ТИМ маалымат кызматы билдирди.
Бул Мыйзам күчүнө киргенден кийин КРнын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясына аталган макулдашуулардын денонсацияланышы тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу билдирет, жана аталган макулдашуулар булл билдирүү жөнөтүлгөндөн алты айдан кийин өзүнүн күчүн жоготот.
Кыргыз тарабы булл макулдашуулардын денонсацияланышы кандайдыр бир саясий процесстерге байланыштуу эмес экендигин бир нече жолу билдирип келген.
Россия тарабы да 2012-жылы кол коюлган Макулдашууларды ишке ашыруудагы кыйынчылыктар глобалдык экономикалык кризиске байланыштуу экендигин билдирди. Экономиканын өсүүнүн жай жүрүшү жана кредиттик каражаттардын бир топ кымбатташы ушундай чечимге алып келди.
Кыргыз тарабы биздин аймакта 2012-жылдагы Макулдашуулар боюнча түзүлгөн энергетикалык эки долбоорго орус тарабынын катышуусун улантууга мүмкүнчүлүк бербей жаткан объективдүү кыйынчылыктарды жана ушуга байланыштуу аталган долбоорлорду каржылоо милдеттеринин аткарылбай калгандыгын тура түшүнөт.
Бул багытта башталган иштерди жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тийиштүү документтерди толугу менен изилдеп, так талдагандан кийин, ошондой эле орус тарабы менен консультацияларды өткөргөндөн кийин кыргыз тарабы Макулдашууларды денонсациялоо менен байланышкан бардык милдеттерин толугу менен аткарат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу