Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/01 18:51
 

2015-жылы күз-кыш мезгилине даярдануу иш-чараларын каржылоого республикалык бюджеттен 4 млрд 973,1 млн сом бөлүндү

Бишкек, 22-январь /Кабар/. 2015-жылы күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча иш-чараларды каржылоого республикалык бюджеттен 4 млрд 973,1 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Көрсөтүлгөн суммадан жылуулук энергиясын субсидиялоого 1 млрд 722,2 млн сом жумшалды, анын ичинде «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасына 1 млрд 617,2 млн сом, «Ош ЖЖИ» муниципалдык ишканасына 105 млн сом бөлүндү.

Көрсөтүлгөн мезгилде бюджеттик ссудалардын жалпы көлөмү 1 млрд 669,9 млн сомду түздү.
Бюджеттик уюмдардын жылуулук, электр энергиясынын жана жаратылыш газынын акысына сарптаган чыгымдары 1 млрд 106,6 млн сом болду.
Республикалык бюджеттин көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн камдоого сарптаган жалпы чыгымдары 207,4 млн сомду түздү, анын ичинде республикалык бюджеттен каржыланган уюмдар үчүн көмүр камдоого 176,2 млн сом, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн көмүр камдоого 31,2 млн сом жумшалды.
Республиканын бийик тоолуу райондорунун калкына электр энергиясына компенсация төлөп берүүгө 120,3 млн сом бөлүндү.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу