Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/01 13:57
 

Кыргыз-түрк форумунда эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар келишимге кол коюлду

Анкара, 22-январь /Минара Ибраева-Кабар/. Анкара шаарында өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлеринин Эл аралык бизнес форумунда эки тараптуу кызматташтык боюнча үч келишимге кол коюлду. Документтер Кыргызстандын экономика министрлиги менен Түркиянын бажы жана соода министрлиги жана соода, өнөр жай палаталары ортосунда түзүлдү.

Анда эки өлкөнүн соода жана экономикалык кызматташтыгын арттыруу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча маселелер каралган. Ошондой эле, Түркиянын модели боюнча Кыргызстанда өнөр жай аймактарын куруу камтылган.
Форумдун жүрүшүндө сөз сүйлөгөн КР экономика министри Арзыбек Кожошев Түркия Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экономикалык жана соода өнөктөштөрүнүн бири экендигин айтты. Ошондой эле, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн арттырууну максат кылышкандыгын белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду: «Бул форум жогорку максаттарга жетүү үчүн жасалган кадамдардын бири. Эки өлкөнү тамыры терең тарыхы, байыркы маданий жана каада салттары бириктирет. Биздин тилибиз, динибиз бир. Түркия Кыргызстандын эгемендигин тааныган биринчи мамлекет. Бүгүн Түркия Кыргызстан үчүн негизги соода энкономикалык өнөктөштүктөрдүн бири. Ал эми, Түркия республикасы менен эки тараптык мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү КР тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат. Баарыңыздарды Кыргызстанга чакырам. Анткени, Кыргызстанда салыктар аз жана жумушчу күчү арзан. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 300дөн ашык кыргыз-түрк ишканалары иштейт. Бизге инвестиция салуу үчүн учак билетин алуу жетиштүү. Калган шарттардын баарын кыргыз өкмөтү түзүп берет”,-деп айтты А.Кожошев.

Ал эми Түркиянын бажы жана соода министри Бүлент Түфенкжи Кыргызстанда ар түрдүү тармактарда иш алып барган 300гө жакын түрк фирмалары кыргыз экономикасына чоң салым кошконун белгиледи. «Азыркы тапта 5 миң кыргыз жаранын жумуш орундары менен камсыз кыла алдык. Биз бир гана киреше табалы дебестен, боордош Кыргызстан да киреше тапсын, бирдикте өсүп, ынтымактуу иш алып баралы»,- деди.

Эскерте кетсек, Анкара шаарында кыргыз-түрк ишкерлеринин Эл аралык эки күндүк бизнес форуму өтүп жатат. Анын башкы максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү. Иш-чарага Түркия республикасынын Бажы жана соода министри Бүллент Түфенкжи, Түрк биржалар жана палаталар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклиоглу, КР экономика министри Арзыбек Кожошев баштаган мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, бизнесмендер, КР Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Марат Шаршекеев, КР Түркиядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов катышууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу