Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/01 12:23
 

Корей ишкерлери Бишкек шаарына инвестиция жумшоо ниетин билдиришти

Бишкек, 22-январь /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешинин спикери А.Кененбаев башында турган делегация Корея Республикасына барышты. Бул тууралуу кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Сеул жана Поханг шаарларынын жетекчилиги менен жолугушууда Сеул менен Бишкек шаардык кеңешинин ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Меморандумга кол коюлду. Мындан ары Сеул жана Бишкек шаарларынын депутаттары мыйзам чыгаруу, саламаттыкты сактоо, билим, илим, маданият, туризм жана спорт багыттарында маалымат алмашып турушмай болду.

Поханг шаарындагы сүйлөшүүлөрдө эки шаардын ортосундагы өз ара кызматташтык, тажрыйба алмашуу тууралуу сөз болду. Ортодо тажрыйба алмашуу жана кызматташтык боюнча Ассоциациянын түзүлүшү эки шаардын тарыхындагы жаңы баракчалардан болуп калды.

Мындан тышкары кореянын бизнесмендери Бишкек шаарына инвестиция катары көп каражат жумшоо ниетин билдиришти. Жакын арада алардан делегация келиши күтүлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу