Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/01 11:59
 

А. Атамбаев денонсациялоо тууралуу мыйзамдарга кол койду

Бишкек, 22-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” жана “2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына кол койду.

Бул мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 20-январында кабыл алынган.
Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Россия Федерациясынын Өкмөтүн Макулдашуунун денонсацияланганы жөнүндө кабарландырат.
Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу