Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/01 10:16
 

Кыргызстанда салык карызы боюнча бюджетке 115 млн сомдон ашык каражат түштү

Бишкек, 22-январь /Кабар/. Кыргызстанда салык карызды кайра түзүмдөштүрүүнүн биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча карыздын негизги суммасынан бюджетке 115,7 млн сом түштү. Бул тууралуу салык кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча суммасы 72,5 млн сомго 100% өлчөмүндө кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салык санкциялары эсептен чыгарылды.

Мыйзамды ишке ашыруу үч этап менен ишке ашырылууда, ал салыктык карызы бар деп таанылган салык төлөөчүлөрдүн кошуп эсептелген пайыздарын, туумдарды, салык санкцияларын эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн салыктык карыздын негизги суммасын (өткөн жылдын 1-августундагы абалы боюнча карызы барлар) жана учурдагы салыктык төлөмдөрдү төлөө керек.

1-этап 2015-жылдын 1-ноябрында аяктады. Ушул мөөнөткө чейин салыктык карыздын негизги суммасын (өткөн жылдын 1-августундагы абалы боюнча карызы барлар) жана учурдагы салыктык төлөмдөрдү төлөгөн салык төлөөчүлөрдүн кошуп эсептелген пайыздары, туумдары, салык санкциялары 100%га эсептен чыгарылды.

2-этап: 2016-жылдын 1-февралына чейин 80% жана үчүнчү этап: 2016-жылдын 1-майына чейин 50% салыктык санкциялар эсептен чыгарылат.
Белгилей кетсек, бул кампания кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жолу менен бир гана бюджет алдында салык төлөөчүлөрдү салыктык карызынан кутултпастан, аны менен бирге ишканалардын финансылык-экономикалык абалын жакшыртууга жана турукташтырууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле өлкөдө ишкердик иш-аракеттерди активдештирет.
Салык санкцияларын эсептен чыгаруу боюнча кампания тууралуу кененирээк маалыматты 194 телефону аркылуу алууга болот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу