Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/01 17:56
 

Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык кызматташтыгында агроөнөр жай комплекси өзгөчө орунду ээлейт

Бишкек, 21-январь /Кабар/. Бул тууралуу КР экономика министри А.Кожошев Түркияда өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда билдирди.

“Бүгүнкү күндө агрардык тармакта, айрыкча айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө жана айыл чарба техникаларын чыгарууда Кыргызстанда эң эле жеңилдетилген салык режими киргизилген. Өкмөт экономиканын бул тармагында иш алып барган субьектилерди дээрлик бардык салыктардан бошотту. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө, фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди, лизингке техникаларды берүү жаатындагы мамлекеттик колдоолорго өзгөчө көңүл бурулууда”,-деди ал.

Мындан тышкары министр белгилегендей, Кыргызстан түрк бизнесмендерине Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция салууну сунуш кыла алат.
“Биз коруктар, биосфералык аймактар жана эс алуучу-курорттук жайлар көп. Экотуризмди, тоо туризмин, альпинизмди, аңчылыкты ж.б.активдүү эс алуунун түрлөрүн уюштурууга эбегейсиз зор мүмкүнчүлүк бар",-деди министр.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу