Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/01 17:45
 

Президент жылуулук берүү мезгилин үзгүлтүккө учуратпоонун зарылдыгын баса белгиледи

 Президент жылуулук берүү мезгилин үзгүлтүккө учуратпоонун зарылдыгын баса белгиледи

Бишкек, 21-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-январда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиевди кабыл алды.
Жолугушуу маалында мамлекет башчысына жылуулук берүүчү мезгилдин өтүшү, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык системасынын иши жөнүндө маалымат берилди.

Айбек Калиев өлкөдө ушул тушта ишке ашырылып жаткан ири энергетикалык долбоорлор боюнча, андан тышкары атамекендик энергетиканы өнүктүрүүнү, анын ичинде жаңы кубаттуулуктарды киргизүүнү караган инвесторлордун сунуштары тууралуу маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев жылуулук берүү мезгилин үзгүлтүккө учуратпай жакшылап өткөрүү, биринчи кезекте калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда пайда болгон көйгөйлөрдү токтоосуз чечүү үчүн энергетиктер болгон күчүн үрөшү зарыл экенин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы өлкө энергетиктери алдында ири гидроэлектр станцияларын, Бишкек жылуулук борборун жана өлкөнүн негизги электр түйүндөрүн заманбап жаңылоо, ошондой эле энергетикалык долбоорлорду мындан ары да ишке ашыруу керек экенине токтолду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу