Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/01 17:32
 

Кыргызстандын аймагында 300дөй кыргыз-түрк биргелешкен ишкана иштеп жатат

Бишкек, 21-январь /Кабар/. Кыргызстан менен Түркияны тарыхый тамырлар, өзгөчө маданият жана салт-санаа байланыштырып турат. Бул тууралуу КР экономика министри А.Кожошев Түркияда өтүп жаткан бизнес-форумда билдирди.

“Түркия Кыргызстандын соода-экономикалык негизги өнөктөшү болуп саналат. Түркия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык саясатында артыкчылыктуу багытта турат. 2014-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы сырткы соода байланышы 312 млн долларды түздү. Ошону менен бирге 2014-жылы июнь айында Түркияга жасаган жумушчу сапарында Президент А.Атамбаев Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы инвестициянын жана товар алмашуунун көлөмүн 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүүгө даяр экенин билдирген”,-деди А.Кожошев.

“Мындан тышкары Кыргызстандын аймагында 300дөй кыргыз-түрк биргелешкен ишкана иштеп жатат. Акыркы 20 жылда Түркиядан Кыргызстанга 324 млн долларлык инвестиция киргизилген. Ошол эле учурда Түркиядан жыл сайын келип жаткан инвестиция 16 млн доллардан 40 млн долларга чейин өстү”-деди ал.
“Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү. Рынок кеңири. Буга байланыштуу түрк инвесторлору үчүн Кыргызстан кызыкчылык жаратат”,-деди министр.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу