Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/01 16:26
 

Улуттук банктын төрагасы АӨБнын өкүлдөрү менен жолугушууда республикадагы финансылык абал тууралуу айтып берди

 Улуттук банктын төрагасы АӨБнын өкүлдөрү менен жолугушууда республикадагы финансылык абал тууралуу айтып берди

Бишкек, 21-январь /Кабар/. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Азия Өнүгүү банкынын (АӨБ) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга АӨБ Борбордук жана Батыш Азиядагы департаментинин башкы директору Шон Салливан жана Кыргыз Республикасындагы АӨБ долбоордук портфелин башкаруу боюнча ага адиси Мария Паниагуа катышты. Улуттук банктын атынан Төлөм системалары башкармалыгынын башчысы Эвелина Лелевкина, Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Бейшеналиева жана Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Эркинбек Оморовдор катышышты.

Толкунбек Абдыгулов Азия Өнүгүү Банкынын кызматкерлерин Кыргызстандын жалпы финансы-экономикалык абалы жана банк тармагындагы жагдайы тууралуу маалымдады. Улуттук банктын төрагасы Кыргыз Республикасы жакында Евразия экономикалык союзунун мүчөсү болгондугу жана азыркы учурда мыйзамдардын ЕЭСта кабыл алынган стандарттарга ылайык даярдалып жаткандыгы тууралуу белгилеп кетти. Ошондой эле, төрага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы экономикадагы кризистик көрүнүштөрдү жеңүү үчүн жасап жаткан иш-аракеттери тууралуу айтып кетти.

Мындан сырткары, Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экономиканын долларлашууга каршы жасалып жаткан иш-чаралар тууралу айтып берди. Анын айтымында, бул иш-чаралар улуттук валютанын жана өлкөнүн экономикасынын бекемделишине багытталат.
Ошондой эле, Т.Абдыгулов Азия Өнүгүү Банкына эки тараптын жемиштүү кызматташуусуна кошкон салымы жана Кыргыз Республикасына көрсөтүп жаткан колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу