Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/01 16:17
 

Депутаттык комиссия 37 млн доллар кайда жумшалганын текшерип чыгат

Бишкек, 21-январь /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Ата Мекен» фракциясынын демилгеси менен Россиянын «РусГидро» компаниясы тарабынан Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушуна жумшалган 37 млн доллар өлчөмүндөгү каражаттын жушалышын текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 2016-жылдын 20-январында Жогорку Кеӊеш Жогорку-Нарын ГЭС каскады менен Камбар-Ата – 1 ГЭСсин куруу боюнча кыргыз-россиялык келишимдерди бир тараптуу жокко чыгарган. Анын ичинде «КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө Макулдашуу» жоболоруна ылайык, эгер келишим кандайдыр бир себептерден улам жокко чыгарылса, келишимди токтоткон тарап курулушка жумшалган каражаттын ордун толтурууга тийиш.

Ушу тапта Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушуна 37 млн доллар жумшалганы тууралуу маалымат бар. Депутаттык комиссия мына ошол каражаттын кандай жумшалганын текшерип, Жогорку Кеӊешке маалымат бермекчи.

Белгилей кетсек, Жогорку Нарын ГЭСинин алгачкы бөлүгү 2016-жылы, Камбар-Ата ГЭСи 2023-жылы ишке киргизилүүгө тийиш болчу. Бирок, россиялык компаниялар, мурда макулдашылгандай, курулушка 2,5 пайыздык каражат тарта албагандыктан, 8-10 пайыздык каражат алуу сунушун берген. Электр энергиясынын өздүк наркы кескин кымбаттап кете тургандыктан, кыргыз тарап мындай шартка макул болгон эмес.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу