Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/01 16:05
 

Кара-Балтадагы «Жунда» мунайзатты кайра иштетүү заводунда 54 миллион сом салык жашырылган

Бишкек, 21-январь /Кабар/. Бүгүнкү депутаттардын жыйынында «Жунда» мунай кайра иштетүүчү заводу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынып, ишмердүүлүгү убактылуу токтотулганы белгилүү болду. Азыркы учурда заводдун директорунун орун басарларынын бири камакка алынып, кылмыш иши козголду. ЭККМК муну заводдун каржылык мыйзам бузуусу, салыкты жашыруу аракети менен байланыштырат.

ЭККМК башчысы Бактыбек Аширов “Жунда” заводунун ишин текшерүүгө соттон уруксаат алынганын, анын жүрүшүндө салык каражаттары жашырылган, документтер жашырылган фактылар ачыкталып жатканын билдирди. “Бизге мыйзам бузуу фактылары боюнча оперативдүү маалыматтар түшкөн. Ачыкка чыккан документтерге ылайык, ишканадан бюджетке эки эсе көп салыктык каражат түшүүгө тийиш экен. Ушул кезге чейин өнүм көлөмү да, салык өлчөмү да жашырылып келген”, - дейт ал.

ЭККМК башчысы заводдун иши токтотулбаганын, текшерүү үчүн видеобайкоо блогу гана убактылуу жабылганын, соттун чечими аркылуу документер менен маалымат чипи алынып, тергөө иштери улантылып жатканын айтты. Ал текшерүү учурунда 1000 тонна АИ-95 маркасындагы бензин жетпей калган, 54 млн сом салыкты жашыруу фактылары аныкталганын, ишкана жетекчилиги жашырылган каражатты төлөп берүүгө, жасалмаланган документтерди калыбына келтирүүгө макул болгонун кошумчалады.
Ишкана 2015-жылы бюджетке орто эсеп менен айына 30 млн сом өлчөмүндө салык төлөп турган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу