Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
05/11 14:49
 

Быйыл түрк фирмалары Кыргызстандын төө бурчагын сатып алуудан баш тартууда

Быйыл түрк фирмалары Кыргызстандын төө бурчагын сатып алуудан баш тартууда

Бишкек, 5-ноябрь /Рахат Саламатова-Кабар/. Кыргызстандын төө бурчагынын 40 пайызы жыл сайын Түркия мамлекетине экспортко кетчү. Быйыл түрк фирмалары мурдагыдай Кыргызстандын төө бурчагын сатып алуудан баш тартууда. Түркиядан келген атайын адистер бир катар текшерүүлөрдөн соң кыргызстандык дыйкандар үчүн үрөн сунуштап, сапаттуу төө бурчакты өстүрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Айыл-чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн төө бурчактары буга чейин 24 өлкөгө экспорттолуп келген. Төө бурчак Талас облусунда көбүрөөк айдалат. Быйыл Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургундары жана Чүйдүн Кемин районунун дыйкандары төө бурчакты эгип көрүшкөн. Натыйжада түшүмдүүлүгү абдан жакшы болгон.

“Төө бурчак менен эмгек кылган дыйкандар үчүн анын баасынын жогору болушу өлкө үчүн жакшы көрүнүш. Тилекке каршы, анын баасынын төмөн болуусу, аны ала турган тараптын азайышы дыйкандар үчүн чыгашаны жаратууда. Статистика боюнча Сербия, Македония, Балтика, Европа өлкөлөрү Кыргызстандын төө бурчагынын 20 пайызын алышса, 40пайызы Түркияга кетчү. Ал эми калган пайызы суроо-талаптан көбүрөөк болуп калгандыктан баа кескин түрдө түшүп кеткен учурлар болгон”, - дейт Э.Чодуев.

Ошондой эле, ал белгилегендей, учурда Түркия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Түркиянын төө бурчагынын үрөндөрүн алып дыйкандарга сунуштоо пландары бар. Бирок азырынча келишим түзүлө элек.

“Эгер Түркия менен келишим түзүп калсак, дыйкандар үчүн сапаттуу үрөндөр алып келинет. Бирок, Түркияга төө бурчакты сөзсүз аласыңар деген талапты кое албайбыз. Учурда, өлкө ЕАЭБке киргендиктен Россия менен кызматташуу дагы жакшы болмок. Россиянын Куралдуу күчтөрү жана башка тармактарына төө бурчакка суроо-талап көп, ошондуктан биз тараптан аларга сунуштоо болгон. Азырынча сөз бойдон гана айтылууда.”,-дейтЭ.Чодуев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу