Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
03/09 13:08
 

“Айыл банк” Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен кызматташууда

Бишкек, 3-сентябрь /Минара Ибраева-Кабар/. “Айыл банк” Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен кызматташууда. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Айыл банк” ААК башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

““Айыл банк” үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун атайын долбооруна катышып жатканы өзгөчө мааниге ээ. Себеби, бул каражаттардын эсебинен кичи жана чакан ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Бул долбоордо эң башкы багыттардын бири болуп айыл чарба тармагы, айыл продукцияларын кайра иштетүү тармагы, өндүрүш жана туризм тармактарын камтып жатат. Ал эми бул тармактар биздин өлкө үчүн эң негизги жана маанилүү болуп саналат”,-деп айтты Э.Асрандиев.

“Ал эми фонд биздин банк аркылуу берип жаткан насыянын шарттары абдан ыңгайлуу. Себеби, көпчүлүк билгендей базарда коммерциялык кредиттин баалары кыйла жогору. Жеке менчик банктарда 25-30 сом менен насыялар берилип жатат. Ал эми доллар менен алганда 16-18 пайыз менен берилип жатат. Алардын мөөнөтү өтө эле кыска. Ашып кетсе 2-3 жылдын тегереги болот. Ал эми фонд баштаган программаны алсак, насыялар сом менен 12 пайыздан 5 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Ошондуктан, бул биздин ишкерлерге абдан эле ыңгайлуу жана пайдалуу насыя деп эсептейбиз”,-деп кошумчалады ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу