Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
10/04 18:09
 

Абдыбалы тегин Сүйөркул: Экономикалык өсүш жаңы өкмөттүн аракетинен көз каранды


БИШКЕК, 10-апрель. (КАБАР). Талап-тоноодо келтирилген чыгымдар өлкөнүн экономикасынын абалына зор таасирин тийгизет. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул билдирди.

            “Менин жеке пикиримде, быйылкы жылы бардык оорчулуктарга карабастан, экономикалык өсүш болооруна үмүттөнөм. Экономикалык өсүштү шарттоо Убактылуу өкмөттүн аракетинен көз каранды болот. Эгерде жаңы өкмөттүн алгылыктуу программалары болсо, өсүштү да күтүүгө болот”, - деп белгиледи Абдыбалы тегин Сүйөркул.

            Мындан тышкары ал өлкөнүн экономикасынын өсүшү эл аралык финансы уюмдары жана донорлор менен сүйлөшүү аракетинен да көз каранды экендгин белгиледи. “Эл аралык финансы уюмдары менен донорлор Кыргызстанга колдоо көрсөтүүсүн улантуусун суранаар элем. Анткени, учурда кыргыз эли мындай колдоолорго муктаж жана экономикалык өсүшкө да таасири зор болот”, - дейт Улуттук банктын төрагасынын орун басары.

            Белгилей кетсек, быйылкы жылы Кыргызстанда экономиканын өсүшү 5,5 пайыз деңгээлинде болот деп болжолдонгон. (М.Ибраева)

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу