Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
10/04 16:32
 

Заир Чокоев: Бардык бюджеттик каражаттар коопсуз сакталууда


БИШКЕК, 10-апрель. (КАБАР). Кыргызстандын бардык бюджеттик каражаттары коопсуз сакталууда жана эч кандай коркунучту жаратпайт. Мындай маалыматты бүгүн Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу Заир Чокоев билдирди.

            Анын айтымында, бюджеттик каражаттарды чыгарып кетүүгө эч кимдин мүмкүнчүлүгү жок. “Бул багытта учурда ар кандай ушактар жүрүүдө. Алардын дээрлик 90 пайызы эч кандай далилсиз айтылган сөздөр”, - деди З.Чокоев.

            Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу акыркы убакта бюджеттик каражаттарды чыгарып кетүү байкалбагандыгын, бюджеттик каражаттар коопсуз сакталгандыгын белгиледи. “Учурда башкысы бюджеттен пенсия, жөлөк пул жана айлык акыларды каржылоого бөлүнгөн каражаттарды коммерциялык банктардын аткаруусун калыбына келтирүү керек”, - дейт ал. (М.Ибраева)

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу