Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
10/04 16:32
 

“АзияУниверсалБанктан” каражаттардын бардык чыгуу каналдарына бөгөт коюлган


БИШКЕК, 10-апрель. (КАБАР). Убактылуу өкмөт тарабынан атайын башкаруу режими киргизилген беш банктагы операциялар Улуттук банктын көзөмөлүндө тургандыгын, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.

            “Белгилүү себептерден улам иши токтотулган банктарда биздин адистер иш алып барып, салымчылардын кызыкчылыктарын коргоо багытында активдерди эсептөө жүргүзүлүүдө”, - дейт К.Бөкөнтаев.

            Мындан тышкары учурда иши токтотулган “АзияУниверсалБанктын” активдери тууралуу маалымат жоктугун, бул багытта прокуратура иш алып барып жаткандыгы маалымдады. Улуттук банктын жетекчилигинин маалыматына ылайык, аталган банктан каражаттардын бардык чыгуу каналдарына бөгөт коюлган.

Белгилей кетсек, 8-апрелден тартып Убактылуу өкмөт тарабынан «АзияУниверсалБанк», «Ысык-Көл инвестбанк», «КыргызКредитБанк», «Манас Банк» жана «Акыл» инвестициялык акционердик коммерциялык банктта алты ай мөөнөтүндө убактылуу жетекчилик дайындалган. (М.Ибраева)

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу