Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
06/04 18:00
 

Россиядан алынган ачык түстөгү мунайзатка пошлиналар жогорулайт


БИШКЕК, 6-апрель. (“КАБАР”). Россиядан алынган ачык түстөгү нефть продуктуларына (бензин, дизель отуну) экспорттук пошлиналар 5,6 пайызга жогорулайт. Бул туурасында “РосБизнесКонсалтинг” билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2010-жылдын 1-апрелинен тартып пошлина бир тоннасына 183,2 доллардан 193,5 долларга чейин өсөт. Кочкул түстөгү нефть продуктуларына да (суюк отун, май, иштетилип чыккан нефть продуктулары) пошлина 5,6 пайызга – тоннасына 98,7 доллардан 104,2 долларга чейин көбөйөт.

Мындан тышкары, РФ Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-мартындагы токтомуна ылайык, РФ чийки нефтиге экспорттук бажылык пошлинанын ставкасы бир тоннасына 268,9 долларды түзөт (2010-жылдын мартында ал тоннасына 253,6 долларды түзгөн). Ошентип, мында өсүш 6 пайызды түзөт. ЖТ

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу