Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/04 11:19
 

Коммерциялык банктардын кредиттери азыраак өсүп, депозиттер кескин кыскарды


БИШКЕК, 6-апрель. (КАБАР). Өткөн аптада Кыргызстанда иштеп жаткан коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү 2 миллиард 999,2 миллион сомго кыскарган. Бул туурасында Улуттук банк билдирди.

            Маалыматка ылайык, мында жалпы депозиттердин ичинен улуттук валютадагысы 1 миллиард 039,4 миллион, ал эми чет элдик валютадагы депозиттер 1 миллиард 959,8 миллион сомго азайган. Натыйжада апта акырына карата жалпы депозиттердин көлөмү 41 миллиард 954,1 миллион сом болсо, анын ичинде улуттук валютадагы депозиттер 15 миллиард 655,6, чет элдик валютадагысы 26 миллиард 298,5 миллион сомду түзгөн.

            Ал эми 26-марттан 2-апрелге чейинки убакыт аралыгында комерциялык банктардын кредиттеринин көлөмү 92 миллион сомго өсүп, 25 миллиард 907,4 миллион сом болгон. Апта ичинде улуттук валютадагы кредиттер 208,7 миллион сомго өссө, чет өлкөлүк валютадагысы 116,7 миллион сомго кыскарган. (М.Ибраева)

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу