06.04.2010, 11:00

Өткөн аптада Кыргызстандын акча базасы 743,8 миллион сомго кыскарды


БИШКЕК, 6-апрель. (КАБАР). Өткөн аптада Кыргызстандын акча базасы 743,8 миллион сомго кыскарды. Натыйжада 2-апрелге карата республиканын жалпы акча базасы 40 миллиард 018,7 миллион сомду түзгөн.

            Улуттук банктын маалыматына ылайык, 26-марттан 2-апрелге чейинки убакыт аралыгында банктардан тышкаркы акчалар 29,6 миллион сомго өсүп, 32 миллиард 864,3 миллион сомго жеткен.

            Ал эми коммерциялык банктардын камдары (резервтери) өткөн аптада 773,4 миллион сомго кыскарган. Талдоого алынган убакыт ичинде коммерциялык банктардын камдары 7 миллиард 154,4 миллион сомду түзгөн. (М.Ибраева)