Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
03/04 14:47
 

Кыргызстанда долларлашуунун өсүшү - улуттук акча тутумуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн

 Бишкек, 3-апрель /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Кийинки учурларда Кыргызстандын экономикасынын долларлашуу деңгээли болуп көрбөгөндөй чекке жетти, деп экономисттер коңгуроо кагышууда.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2014-жылдын ноябрь айына карата экономиканын долларлаштыруу деңгээли 58.2 %ды түзгѳн. Бул биздин экономикабыздагы коммерциялык банктарда депозиттерде жаткан доллардын кѳлѳмү жалпы акча массасынын 58.2 %ын доллар түзѳт дегенди билдирет, ал эми банктардан тышкары жаткан накталай долларларды кошкондо, мындан да бир кыйла доллардын пайыздык кѳлѳмү ѳйдѳ болору анык.

Экономист Кубан Чороев “дүйнѳлүк стандарттарга таянсак, экономикасынын долларлашуу деңгээли 50% дан ашканда эле, ѳлкѳнүн улуттук акча системасы кѳзѳмѳлдѳн чыкты жана ошол ѳлкѳнүн Улуттук банкы ѳз жѳндѳмдүүлүгүнѳн тайганынан, акча системасын кѳзѳмѳлдѳй албай калгандыгынан кабар берет. Эгерде абал ушул нукта ѳнүгѳ бере турган болсо, анда улуттук валютанын жана Улуттук банктын мындан ары кереги жок болуп калышы ыктымал. Анткени анын коомго болгон пайдасынан ѳзүнүн жеген куну кѳп болуп калышы мүмкүн” – деди.

Анын айтымында, экономикабыздын долларлаштыруусунун түпкү себеби - биздин Улуттук банктын акча системасын натыйжалуу кѳзѳмѳлдѳй албагандыгынан, сомдун туруксуздугунан келип чыгат. Кыргызстандын жарандары жана ишканалары, сомго ишенбегендиктен бардык чогулткан аманаттарын долларга айландырып, доллар менен сактай баштаганы баардыгына белгилүү. Кыргызстанда бардык рыноктук келишимдер доллар менен жүрѳт. Автоунаа сатып аласызбы, үй аласызбы, жер аласызбы бардыгы доллар менен ченелет жана иш жүрѳт. Демек, сом ѳзүнѳ жүктѳлгѳн акча функцияларын аткарбай калган.

“Ал эми 2014-жылга чейин ѳлкѳнүн долларлаштыруу деңгээли 50%га чейин болуп келгени Улуттук банктын акча саясатында таасирдүүрѳѳк болуп абалды туруктуу кармоого мүмкүнчүлүгү болуп келди. 2014-жылы сомдун курсу кыйла тѳмѳндѳй баштаганынан, элдин жана ишканалардын Улуттук банкка болгон акыркы ишеничи жоголуп, экономиканын толук долларлаштыруу багыты күч алды”-дейт К. Чороев.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш экономист К. Чоревдин мындай пикирине макул эмес.
Анын айтымында экономиканын долларлашуусу көп жылдардан берки процесс. Ал 50 пайыздын тегерегинде болуп турган. Дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларга жана ал окуялардын Кыргызстанга тийгизип жаткан таасирине байланыштуу кийинки учурда биздин сомго карата доллар көтөрүлүп кетти. Анткен менен кийинки эки жылда мурдагыга салыштырганда экономиканын долларлашуусу 5-6 пайызга гана көбөйдү.
«Кошуна өлкөлөрдү, мисалы Казакстанды деле алсак, ал жакта да учурда долларлашуу күчөп жатат. Демек, учурда өлкөбүздүн экономикасында долларлашуу процессинин өсүп кетиши эч кандай улуттук акча системабыздын жарактан чыгып калышын шарттабайт. Сомубуз улуттук акча бирдиги катары кадимкидей өз милдетин өтөй берет» - деди Н. Жеңиш.

Ал ошондой эле сомдун долларга карата бир топ арзандап кетишинин тышкы жана ички сезондук факторлорун айтып берди:
«Сом долларга карата арзандап кетишинин тышкы факторуна токтолсок, өткөн жылы АКШ жеңилдетүү программасын токтоткон. Ушундан улам дүйнө жүзү боюнча валюталар долларга карата арзандап келе жатат. Мисалга алсак, жыл башынан тартып Европанын жана Тажикстандын валютасы 9%га, Беларусь рубли 22,4%га, Молдавиянын лири 20%га, Түркмөнстандын манаты 23%га арзандады. Ички факторлорду айтсак, айдоо иштери башталып жатат. Ушуга байланыштуу күйүүчү майдын импорту көбөйүүдө. Ал өз учурунда доллардын көтөрүлүүсүн шарттоодо» - дейт Нурбек Жеңиш.

Ал эми экономист-эксперт Жумакадыр Акенеевдин пикиринде, сомубуз девальвация болгону менен КМШ мамлекеттердин ичинен эң туруктуу акча болуп эсептелет. «Биздин сом бир да жолу деноминация болгон эмес. Ырас, сомубуз жүгүртүүгө киргизилгенде 1 доллар 4 сомго барабар болсо, учурда 1 доллар 63-64 сомго чыкты. Бирок, деноминация болуп, ирилештирилбей эле келе жатат. Ал эми орус рубли, казак теңгеси, белорусь рубли, түркмөн манаты, өзбек суму миң бирдикке теңдештирилип деноминация болгон» - деди Ж. Акенеев. Анын айтымында, бүгүнкү күнү сомго карата доллардын көтөрүлүп кетиши орус рублинин түшүп кетишинен улам шартка жараша болуп жатат. Азыр Россияда 1 рубль 55 – 56 доллар болуп турат. Кандай болбосун улуттук валютанын девальвация болгону, жакшы эмес. Анткени, сомдун күчү кетет. Баарыдан мурда ал инфляцияны күчөтөт.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу