Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
24/04 16:15
 

А.Атамбаев жарандарга чектелген пенсиялардын өлчөмү ал өзү төлөп жаткан каражаттын көлөмүнө жараша болушун белгиледи

А.Атамбаев жарандарга чектелген пенсиялардын өлчөмү  ал өзү төлөп жаткан каражаттын көлөмүнө жараша болушун белгиледи

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. 24-апрелде Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына пенсиялык камсыздоонун азыркы абалы, камсыздоо төгүмдөрүнүн келип түшүү деңгээли, пенсияларды калыптандыруу, ошондой эле аларды администрациялоо маселелери тууралуу маалымат берилди.

Социалдык фонддун төрагасы 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча 33 065,1 млн сомду түзүп, 2014-жылы 37 338,7 млн сомго чейин көбөйчү ведомствонун бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн өсүш темпи тууралуу кабарлады.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө азыркы учурда 4432 сомду же өлкөдөгү жашоо минимумунун 108,2% түзгөн үстүбүздөгү жылдын күз айларында пенсиянын орточо көлөмүн көбөйтүүнүн механизмдери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Мухамметкалый Абулгазиев пенсиялык реформанын мындан аркы этаптарын жана пенсиялык камсыздоонун системасын өнүктүрүү Концепциясынын алкагында өлкөнүн пенсиялык системасын өнүктүрүүнүн сунушталып жаткан багыттарын дагы талкуулашты.

Тактап айтканда, колдонуудагы пенсиялык системанын параметрлерин реформалоо боюнча Концепциянын долбоорунда сунушталып жаткан чаралар келечекте системанын чыгымдарынын өсүшүн стабилдештирүү аркылуу пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыз кылып, жарандарды Социалдык фондго үзгүлтүксүз жана ыктыярдуу төлөм жасоого кызыгуусун арттырууга мүмкүнчүлүк бермек.

Мамлекет башчысы реформа пенсиялык камсыздоо системасын Социалдык фондго керектүү төлөмдөрдү абийирдүүлүк менен төлөгөн жарандарга карата кыйла калыс болушун камсыз кылууга тийиш экендигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев жарандарга чектелген пенсиялардын өлчөмү ал өзү төлөп жаткан каражаттын көлөмүнө жараша болушу зарыл экендигин баса белгиледи
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу