Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/04 18:21
 

Кытайда “Made in kg” деген белги менен товарлар тигилип жаткандыгы талкууланды

Бишкек, 16-апрель /Эмилбек Момунов - Кабар/. КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде “Кыргызстанда жасалган” деген эн белгини Кытай товарлары пайдаланган көйгөй боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага Кыргызпатенттин, Бажы кызматынын, Экономика, Энергетика жана өнөржай министрликтеринин, Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын өкүлдөрү жана жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлер катышты. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Тегерек столдун жүрүшүндө сөз сүйлөгөн “Ардемин” ишканасынын директору Иван Ардемин буларга токтолду: “Тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, өндүрүшчүнү гана эмес, сатуучуларды да жазага тартуу жолдорун караш керек. Азыр кимди сотко берүүнү да билбей калдык. Мисалы, Дордой базарында сатуучу, ижарачы, өндүрүшчү жана башкалар бар. Кимисин арызданып сотко кайрыларыңды да билбейсиң. Өндүрүшчү болсо кытайлар. Ошондуктан сатуучунун да жоопкерчилигин караш керек”.

Ал эми жеңил өнөр жай ассоциациясынын директору Фархад Төлөгөнов Кытайда кызмат көрсөтүү арзан экендигине, 2012-жылы Өкмөттүн токтому чыккандан кийин аткезчилик жол менен келген товарлар көбөйүп кеткендигине токтолду. 
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу