Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/04 17:33
 

«Кыргызстанда жасалган» деген белги менен Кытайдан ташылган товарларга көзөмөл күчөтүлдү

«Кыргызстанда жасалган» деген белги менен Кытайдан ташылган товарларга көзөмөл күчөтүлдү

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. «Кыргызстанда жасалган» деген белги менен Кытайдан ташылып жаткан товарларга көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу 14-апрелде журналистерге экономика министри Темир Сариев билдирди.

Анын айтуусунда, өкмөт бажы кызматына, салык органына жана тиешелүү көзөмөл жүргүзүп, сертификат берген Соода-өнөр жай палатасына тапшырма берди.

«Бул Кыргызстандын мыйзамын бузуу болуп саналат, анткени «Кыргызстанда жасалган» деген товар Кыргызстанда гана чыгарылыш керек», - деп кошумчалады министр.

Белгилей кетчү жагдай, 12-апрелде Бишкекте өткөн ишкерлердин жыйынында учурда Кыргызстандын жана Россия менен Казакстандын базарларында сатылып жаткан «Кыргызстанда жасалган» деген белгидеги товарлардын 305ы Кытайда тигилери айтылган болчу. бирок алардын сапаты төмөн жана баасы арзан болууда.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу