Экономика

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
08/04 18:57
 

Кара-Балтадагы «Жунда» мунайды кайра иштетүүчү завод жылына жер акысы үчүн 5 млн. сомдон ашык төлөйт

 Бишкек, 8-апрель /Кабар/. КР экономика министрлиги Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айыл аймагына тиешелүү жер «Чайна Петроль Компани» ЖЧКга караштуу «Жунда» мунайды кайра иштетүүчү заводго берилген жер (мурдагы аэропорттун участогу) тууралуу билдирүү жасады.
Маалыматка ылайык, аталган аймактагы 217 гектар жердин көп бөлүгү мунайды кайра иштетүүчү заводдун санитардык-коргоо зонасына туш келет жана ал жакка туракжай курууга тыюу салынат жана техникалык өсүмдүктөрдү гана өстүрүүгө уруксат берилет.
Аталган заводко берилген жер өнөржай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттардагы категорияга гана кирет. Андыктан КР Жер кодексине ылайык, бул аймак өндүрүштү кеңейтүүгө ижаралык шарт менен убактылуу пайдаланууга берилет.
Мурда бул жер КР коргоо министрлигинин ыкчам башкаруусунда болгондуктан (аэродром) 20 жылдан ашык жергиликтүү бюджетке ижара акысы төлөнгөн эмес. Айыл кеңешинин чечими менен мындан ары жылына салык, кыймылсыз мүлк салыгы жана башка төлөмдөрдөн 5 млн. сомдон ашык каражат түшөт.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу