Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/03 10:57
 

Ж. Оторбаев: «Келерки беш жыл аралыгында өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмү жан башына эсептегенде эки эсе өсөт»

Ж. Оторбаев: «Келерки беш жыл аралыгында өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмү жан башына эсептегенде эки эсе өсөт»

Бишкек, 29-март /Кабар/. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясында КР Премьер-министрлигине Жоомарт Оторбаевдин талапкерлиги талкууланып жатканда, депутат Эркин Сакебаев өтө эле жумшактык кылбай, катуу чараларды көрүү аркылуу мамлекеттик башкаруу жаатында, айрыкча жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына – Өкмөт өкүлдөрүнө, акимдерге, айыл өкмөт башчыларына талапты катуу коюуга чакырды. Мындай жүйөлүү пикирди колдогон бир катар депутаттар талапкердин аппарат кызматкерлерин тандоо, аларды даярдоо боюнча оюн билүүгө кызыкты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.
Ж.Оторбаев чындыгында эле жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары мамлекеттик башкаруу тумунун эң мажирөө бөлүгү болуп жатканын мойнуна алды. «Албетте, ушу тапта өлкөдө 450 айыл округу болсо, айыл өкмөт башчыларынын жарымына жакынына кылмыш ишинин козголушу ойлондурбай койбойт. Андай чалкеш абалдан катаал чараларды көрүү аркылуу эмес, алардын түшүнүгү менен билим деңгээлин көтөрүү аркылуу чыгуу камы көрүлүп жатат. Алар өз жоопкерчилигин сезгенде, иштин көзүн билгенде гана, жергиликтүү бийликтин иши оңолот», - дейт ал.
Ошону менен бирге, талапкер Өкмөт аппаратында депутаттардын жакындары болобу же дагы башка кызмат адамдары болобу, айтор, алардын адистик деңгээли менен топтогон тажырыйбасы гана эске алынарын баса белгиледи. «Кадрлар саясаты – өтө татаал маселе. Ал дагы өз башыбыздан өтпөдүбү. Кеп кызматкердин кимдин жакыны экендигинде эмес, алардын жалпы даярдыгында турат. Кыскасы, ал ким болбосун, сынак аркылуу өтүп келсе, иштей берет. Биз жакын арада аппарат кызматкерлерине карата коюла турган талаптардын топтомун иштеп чыгабыз».
Андан сырткары, Ж.Оторбаев КР Өкмөтүнүн Кыргызстанды 2013-2017-жылдар аралыгында өнүктүрүү Программасына кайрылып, келерки беш жыл аралыгында өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмү жан башына эсептегенде эки эсе өсөрүн, республикалык бюджет өлчөмү ар жылы 2 млрд сомго жогорулай турганын айтты. «Программага азырынча жетимиштен ашуу долбоор камтылган. Аны ишке ашырууга баш-аягы 15 млрд доллар каржы талап кылынат. Ал долбоорлордун 45 пайызынын каржы булактары аныкталды», - деп ал өз сөзүн жыйынтыктады.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу