Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
29/03 10:40
 

Малдын эти менен мөмө жемиштерди Кытайга экспорттоо боюнча маселелерди чечүү иштери башталды

Малдын эти менен мөмө жемиштерди Кытайга экспорттоо боюнча маселелерди чечүү иштери башталды

Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынан малдын эти менен мөмө жемиштерди Кытай Эл Республикасына (КЭР) экспорттоонун жолдору бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин алдында түзүлгөн жумушчу топтун биринчи жыйынында талкууланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга жумушчу топтун башчысы Талантбек Узакбаев, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү кирген жумушчу топтун мүчөлөрү, КЭРдин Хнан провинциясынын депутаты Жанг Жин Жоу жана айыл чарба ишкерлери катышты.
Жумушчу топтун башчысы Талантбек Узакбаев менен КР Экономика министринин орун басары Даниил Ибраев сөздөн ишке өтүп, эт менен мөмө жемиштерди Кытайга экспорттоого жалпы уруксаат алуунун алгачкы кадамы болгон кыргыз товарларынын инспекциялоо максатында Кытайдын Карантиндик коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтүү боюнча кат жазуу жаатында орток пикирге келишти. КЭРдин Хнан провинциясынын депутаты Жанг Жин Жоу дагы мындай пикирди колдоп, кызматташууга толугу менен даярдыгын билдирди.
Жыйынтыгында Кытайдын тиешелүү кызматына кат жөнүтүү маселеси КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылды. Каттын дарегине жетишине КР Тышкы иштер министрлиги көмөктөшмөкчү.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 2014-жылдын 24-мартындагы жыйынында “Өстүрүлгөн жемиштердин жана жашылчалардын түшүмүн Кытай Эл Республикасынын (КЭР) аймагына экспорттоого көмөк көрсөтүү боюнча Ош облусунун дыйкандары менен фермерлеринин кайрылуусу жөнүндө” маселе каралып, аны жүзөгө ашыруу боюнча комитеттин алдында жумушчу топ түзүлүп, анын башчылыгына бул жаатта жетиштүү тажрыйбага ээ болгон депутат Талантбек Узакбаев шайланган.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу