15.03.2014, 12:54

КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Э. Каптагаев Индиянын элчиси Жайаянт Кхобрагаде менен жолукту

Бишкек, 15-март /Кабар/. КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Жайаянт Кхобрагаде менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Назира Муканбетова билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба азыктарын кайра иштетүү боюнча инвестиция тартуу, аквамаданият, саздарды өздөштүрүү жана саздарда балык өстүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда балыкчылыкты өнүктүрүүгө практикалык жардам көрсөтүү тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары Индиянын элчиси К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин электрондук китепканасында болуп, облусттук оорукананын Индиянын штаттарынын бириндеги ооруканасы менен телемедициналык байланыш түзүүсү талкууланды.

Элчинин сапары өкүлчүлүктүн кызматкерлери, студенттер менен аспиранттардын Индияда тажрыйба алмашуусу тууралуу маселени талкуулоосу менен аяктады.