01.03.2014, 16:53

8-марттан тартып Кыргызстанда уюлдук телефондордун сим-карталары келишим негизинде гана сатылат

Бишкек, 1-март /Кабар/. 8-марттан тартып Кыргызстанда уюлдук телефондордун сим-карталарды келишим негизинде гана сатуу тууралуу токтом күчүнө кирет. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат борбору билдирди.
«Зымсыз радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтом 8-мартта күчүнө кирет. Анда жарандар сим-карта сатып алууда уюлдук байланыш компаниясы менен келишим түзүп, ким экендигин тастыктаган документтин негизинде өзү жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү болот»,- деп айтылган билдирүүдө.