01.03.2014, 12:03

Бишкек шаары 2013-жылы пенсия менен 5 млрд. сомдун тегерегинде каржыланды

Бишкек, 1-март /Кабар/. 2013-жылы Бишкек шаарында пенсия төлөө жана башка социалдык төлөмдөр 4 млрд .946 млн. 744 сом толук көлөмдө жана өз убагында каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 2013-жыл үчүн пенсия төлөп берүү боюнча карыз жок. «Пенсия төлөөдө эң көп сумманы борбордун пенсионерлери алышат. Анткени башка шаарларга караганда пенсинерлердин көбү Бишкекте жашайт»,- деп белгиленген.