Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/02 15:16
 

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. 21-февралда Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө 1-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен экономика министри Темир Сариев мамлекет башчысына Өкмөттүн интеграциялык бирикмелерге катышуу программасын иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат беришти.

Кеңешменин катышуучулары ошону менен бирге Президентке өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге кирүү маселеси боюнча позицияларды жакындаштыруу, ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын түзүмдөрүн Бажы союзуна кирүү жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу шарттарына ылайыкташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Россия Федерациясынын Өкмөтү менен биргелешкен иштин башталгандыгы тууралуу маалымдашты. 2014-жылдын 8-февралында Сочи шаарында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Россиянын Президенти Владимир Путиндин ортосунда сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын уландысы болгон бул иш өлкөнүн экономикалык интеграция процесстерине катышууга байланыштуу тоболкелчиликтерге жол бербөө максатында жүргүзүлүүдө.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнө Россия Федерациясынын Өкмөтү менен бирдикте өлкөнүн алдыда болжоп жаткан интеграциялык бирикмелерге катышуусунун натыйжалуулугун максималдуу жогорулатуу жана өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу шарттарда кызматташууну активдештирүү үчүн конкреттүү чараларды иштеп чыгуу боюнча тапшырма берди.

Президент Алмазбек Атамбаев бул ишке жоопкерчилик менен мамиле жасап, өзгөчө көңүл бөлүүнүн зарылчылыгын баса белгиледи.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу