20.02.2014, 11:20

РФ Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушун 100% каржылоону октябрь айына дейре чечет

Бишкек, 20-февраль /Алтынай Мураталиева - Кабар/. Россия Федерациясы Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушун 100% каржылоону октябрь айына дейре чечүү милдетин алды. Бул туурасында бүгүн “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйынында КР энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Раимбек Мамыров билдирди.

Анын айтымында, кечээ КР Президентинин резиденциясында кыргыз жана орус делегациясынын өкмөттүк деңгээлдеги жолугушуусу болуп өтүп, анда 2 тарап иш алып барып жаткан 2 ири долбоор боюнча сөз жүрдү. 

Белгилүү болгондой, Жогорку Нарын ГЭС каскадын “Русгидро” фирмасы курууга укук алган. Жолугушууда “Русгидро” АК башкармалык башчысы Е.Дод жана кыргыз тараптан энергетика министринин орун басары Р.Мамыров долбоорду улантуу протоколуна кол коюшкан.

Анда жакынкы арада уставдык капитал уюштуруу маселесин чечүү, үстүбүздөгү жылдын октябрь айына дейре РФ тараптан курулушту 100% каржылоону чечүү, ошондой эле КР тараптан курулушка тийиштүү жалпы жердин аянтын тактоо жана аны баалоону жыйынтыктоо милдети жүктөлдү.