Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/02 15:14
 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары көмүскө экономика менен күрөшөт

Бишкек, 12-февраль /Ширин Төрөгелдиева - Кабар/. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары көмүскө экономика менен күрөшөт. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында БШКнын депутаты Таалайбек Сагынов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жемкорлук менен күрөш жарыяланган. Жемкорлуктун түркүгү көмүскө экономика болуп саналат. “Ошондуктан БШК депутаттары иштеп чыккан “Шаар жана шаардыктар” стратегиясынын бөлүмдөрүнүн биринде көмүскө экономика менен күрөш тууралуу айтылат. Шаардын каражаты чектелүү. Расмий маалыматтар боюнча, көмүскө экономика 20%га, эксперттердин маалыматында 40%га чейин жетти. 100%га мыйзамдаштыра албайбыз, бирок бул багытта активдүү иштейбиз. Эгерде биз экономиканы көмүскөдөн чыгаруу боюнча жалпы программаны ойлоп чыксак, шаар кошумча акча ала баштайт”, - деди Т.Сагынов.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу