Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
30/01 20:23
 

Ж.Сатыбалдиев жана Йорам Мушкат “Кумтөр” долбоорун реструктризациялоо боюнча жаңы Макулдашууну талкуулашты

Ж.Сатыбалдиев жана Йорам Мушкат “Кумтөр” долбоорун реструктризациялоо боюнча жаңы Макулдашууну талкуулашты

Бишкек, 30-январь /Кабар/. Бүгүн, 30-январда КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев «Muszkat Law Company» юридикалык компаниясынын президенти, адвокат Йорам Мушкатты кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.
Премьер-министр Өкмөттүн «Кумтөр» долбоорун реструктризациялоо боюнча «Centerra Gold Ink.тин» жетекчилиги менен жетишилген макулдашуу тууралуу айтып берди.
«Кумтөр» биргелешкен ишканасын түзүү менен биз эң негизги жумушту – «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууну Торонтодон Кыргызстанга алып келип, кендин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана чечим кабыл алууга жетишебиз, бюджетке кирешенин түшүүсү жогорулайт, сатып алуулар менен чыгымдын ачык-айкын жүргүзүлүшүнө жетишебиз, экологиялык маселелер жеке көзөмөлгө алынат. Мында биргелешкен ишканада 50% үлүшкө ээ болуу менен эле Кыргызстан «Кумтөр» долбоорунун баардык акча каражатынын 70%ына ээ болот, бул «Centerra Gold Ink.» компаниясыныкына караганда эки эсе көп. Ошондой эле Макулдашууда өткөн жылдардагы коррупциялык иштерди текшерүү токтотулбай тургандыгы так жазылган», - деди Ж.Сатыбалдиев.
Сүйлөшүү учурунда Өкмөт башчы Йорам Мушкаттан канадалык тоокен компаниясы менен жетишилген макулдашууга өзүнүн көзкарандысыз баасын берүүнү суранды.
Мындай сунушка ал азыр бул – тараптар жетишкен эң жакшы макулдашуу экендигин айтып жооп берди. «Албетте, жаңы макулдашууда Кыргызстан көбүрөөк үлүшкө ээ болсо жакшы болмок. Азыр канадалыктар өз үлүшүн азайтууга барат деп ойлобоймун. Кыргыз тарап жаңы компанияда төрагалык кыла алат. Биргелешкен ишкана Кыргызстанда катталып, кыргыз мыйзамдары менен иштейт же кыргыз мыйзамы бул компанияны көзөмөлдөйт. Бул чоң жетишкендик», - деди Й.Мушкат.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу