Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/01 14:29
 

К. Жекшелаев: “Кумтөр кени тууралуу түшүнүгү жоктор деле ызы-чуу салып жүрүшөт”

К. Жекшелаев: “Кумтөр кени тууралуу түшүнүгү жоктор деле ызы-чуу салып жүрүшөт”

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда “Кумтөр” тууралуу сүйлөбөгөн адам жок. Бирок алардын баардыгы эле көйгөйдү көзгө көрсөтүп айткандар эмес. Анткен менен өлкөбүздөгү ири ишкананын тегерегиндеги талаш-тартыш жагдай боюнча адис катары баасын берген кесипкөйлөр да жок эмес. Алардын бири Кадырбек Жекшелаев. Ал өзү кесиби врач. Бирок тубаса таланты жөн жаткырбай, ыр жазып, бир нече китептердин автору катары да белгилүү. Мекенчил инсан, Көлдүн кулуну катары ал “Кумтөр” боюнча “Кабар” агенттиги менен калыс пикирин бөлүштү.

- Сиз врач катары Кумтөр кенинин экологияга жана адамдардын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу ой бөлүшсөңүз.

- Алгач алтын бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, болгондо да бизге караганда бир нече эсе көп өлчөмдө казыларын белгилеп кетким келет. Дүйнөдөгү эң көп алтын чыгарган өлкө Түштүк Африка Республикасы. Жылыга орто эсеп менен 300-500 тонна (1976-ж. 712,9 тонна болгон) алтын чыгарат.Ошондой эле көп алтын чыгарган мамлекеттерге Чили жана Өзбекстан да кирет. Өзбекстан жылына 120 тоннадай алтын чыгарат. Мурда СССР чыгарган жалпы алтындын 40% берчү экен. Демек, бул аталган өлкөлөрдө деле экологияга зыян келтирилип жатат. Бирок аларда биздегидей арадай жерде чарадай ызы-чуу чыгарып, экономикалык маселени саясатка, пикет, митинг, жол тосууга айландырып, айрым саясатчылардын популисттик кылгандыгын уга элекпиз. Ал эми Кыргызстанда болсо, жылына болгону 20 тоннага жетпеген алтын чыгары белгилүү.

- “Кумтөр” маселесинде үлүштүн тең бөлүнбөй калганына нааразылык болуп жатпайбы...

- Туура, “Кумтөр”кенинин айланасында эки маселе коюлуп келет. Биринчиси - «Келишим тура эмес, канадалыктардын пайдасына ооп кеткен» деп. Экинчиси – экология маселеси. Ырас, бул эки маселе тең эле жүйөлүү дечи. Бирок маселени өткөн акелерибиздин калыстыгы менен карап, ачуу чындыкты айтсак. Мына “Кумтөр” кени иштей баштаганына жыйырма жылдай болду. Эмне үчүн андан бери “Кумтөргө” караганда алда канча оңой алына турган, эшигибиздин эле алдында жаткан башка дагы толгон-токой кендерибиздин бирин да иштете албай жатабыз? Эгерде дагы бир кенибизди инвесторлор менен ойдогудай келишимди түзүп, жакшылап иштетип туруп, анан: «Эй, макоолор,келишим дегенди биздей түзүш керек болчу, давай “Кумтөр”менен келишимди бузуп, биздикиндей кылып түзгүлө» десек болмок. Же «Кумтөрдү улутташтырып, өзүбүз эле иштете коёбуз» дегендер чыгып атат. Эмне үчүн ошол иштебей жаткан кендердин бирин өзүбүздүн адистер иштетип туруп: «Мына, кен иштетиш биздин деле колдон келет, кандалыктар жоголгула, өзүбүз эле иштетебиз» десек, анда бүт элибиз колдоп кетмек.

- Кенди иштетүүдөн экологияга келтирилип жаткан зыяндар тууралуу эмне дей аласыз?

- Дүйнөдө экологияга таптакыр эле терс таасирин тийгизбеген бир да ишкана, ал тургай биз үй-тиричиликте колдонгон техника жок болуш керек. Кала берсе азыр биз ансыз жашообузду элестете албаган чөнтөк телефонубуздун эле зыяндары жөнүндө такай айтылып келатат. Эгерде чындап эле экология деп күйсөк, анда биринчи кезекте астыбыздагы минген машинебизди токтотуп, жерди буурсун менен айдап, боз үйлөрдө жашашыбыз керек. Анткени там үйдү курууга колдонгон цемент, шифер, кирпич, акиташ, сырларды чыгарган заводдор айлана-чөйрөгө көп терс таасирин тийгизээри белгилүү. Албетте, «Силер эле өнүгө бергиле, биз техника колдонбой, экологияны бузбай, өнүкпөй эле жашай беребиз» деп, азыркы замандын ыргагынан артта калып, ишканаларды иштетпей, техника колдонбой жашай албайбыз дечи. Бирок ишкананын айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндарын мүмкүн болушунча минимумга жеткирип, белгиленген нормативдерди сактоо колубуздан келет.

- Мындан бир нече жыл мурда “Кумтөргө” цианид ташып бараткан машина Көлгө куйган дарыяга кулап, ал да аябай ызы-чууну жаратты эле. Чындап эле цианид адамдын ден соолугуна зыяндуубу?

- Азыр Көл айланасында күн кургакчыл болуп калса да, же жаанчыл болуп, кыян жүрүп кетсе, же бирөө ооруп калса, бүт эле Кумтөрдөн көрүп жатышат. Алтын өндүрүүдө колдонулган цианиддер жөнүндө калпы-чынын аралаштырып, радиоактивдүү заттардан да зыяндуу кылып көрсөтүшүүдө. Албетте, цианиддер өтө уулуу заттардын катарына кирет. Бирок ал сууда тез ажырап (гидролиз) цианаттар деп аталган туздарды пайда кылааары туурасында “Кумтөр” кенин иштетээрден 24 жыл мурда, 1980-жылы чыккан «Кыргыз Совет Энциклопедиясынын» 6-том, 341-бетинде жазылган. Андан башка көптөгөн химия китептерде, интернетте да кеңири маалыматтар бар. Алиги ажыроодон пайда болгон туздар суунун түбүнө чөгүп жата берет экен. Цианиддер химиялык лабараториялардын дээрлик баардыгында бар. Эгерде Бишкектеги химиялык лабараториялардагы цианиддерди чогултса, “Кумтөрдүкүнөн” көп болот болуш керек.

- Бирок “Кумтөрдү” иштетүүдөн жоголгон мөңгүлөр кайра ордуна келе койбошу адис эмес адамга деле белгилүү эмеспи.

- Илгери, советтик убакта сугат сууну көбөйтүп, пахта аянттарын кеңейтебиз деген макоо саясаттын натыйжасында, самолет менен мөңгүлөргө көмүрдүн чаңын чачтыруу жолу менен мөңгүлөрдүн ээришин ылдамдатып, суунун көлөмүн көбөйтүшкөн. Бул туурасында залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун макаласы да чыккан. Кийин мындай жырткычтык менен кар ээритүү жолу токтотулган. Мөңгүлөр бир нече жылдардан кийин кайра калыбына келген. Эми “Кумтөрдөгү” Петров мөңгүсү деле ишкана токтогондон кийин кайрадан калыбына келээр. Анын үстүнө ал мөңгүнүн суулары деле коңшуларыбызга бекер кетип жатпайбы. Эгерде ошол коңшулар келип: «Туугандар, “Кумтөрүңөрдү” токтотуп эле койгулачы, андан түшө турган пайданы биз төлөп берели» десе бир жөн.

Мен учурунда уран кени, көмүр чыккан Кажы–Сай деген шаарчада туулгам. Алтымышынчы жылдарга чейин шахтадан чыккан ылай суу көлгө агып турчу. Мектепке чейин тоо арсындагы чакан кыштакчада жашаган таятамдыкында өстүм. Эликтер корообузга чейин чуркап келишип, ит кууп кеткен учурлар болчу. Карагай аралап бассаң, эликтер бир нече жолу алдыңдан чыгып качып калышчу. Алтымышынчы жылдарга жетпей эликтер дээрлик тукум курут болуп, коён, кекилик, чил кескин азайган. Аксакалдар жакасын карманышып: «Пай-пай! Мынча көп элик кайда жоголду? Орустун каңкылдаган иттери эле бир жакка үркүтүп ийди болуш керек, болбосо эч ким атып түгөтө алмак эмес» деп калышаар эле. Радиоактивдүү таштандылар азырга чейин көйгөй жаратып келет. Райондогу же облусттагы бир да айылга эч бир материалдык жардам берген эмес.

- Демек, Сиздин пикириңизде “Кумтөрдүн” тегерегинде көтөрүлүп жаткан маселелер көбүртүлүп-жабыртылып айтылып жаткан турбайбы?

- Ошондой эле болууда. Маселенин түп тамырын билбегендер деле кыйкырып чыгып, жол тосушууда. Анда иштеген жумушчулардын көпчүлүгү кыргыздар. «Кумтөрдө иштейт» деген эле сөз - ал жетиштүү бай адам дегенди түшүндүрөт. Канчалаган мектептерди салып жана башка материалдык жардамдарды берип жатат. Аркар, кулжалар кен чыккан жердин жанында эле адамдардан качпай жайылып жүрөт десең киши ишенбейт. Республикабыздын бюджетинин 12%ын жалгыз “Кумтөр” берет экен. Эмне үчүн башка кендерибизди иштете албай жатып, жалгыз иштеп жаткан кенибизге асылып жатабыз? Алиги «экология» деп кыйкырып аткандар ал эмне деген сөз экендигин билет бекен? Билсе, өткөндө жолду бууп, пикет кылып турган орундарына акыр-чикирлерин таштап, таштандыга айландырып кетишпейт эле го. Алар таштаган полиэтилен идиштер, пакеттер“Кумтөр”келтирген зыяндан алда канча көп зыян алып келээрин түшүнүшпөсө керек. Экологиянын азбукасы бул колуңдагы таштандыны кыргыздын ыйык жерине таштаба, какырып түкүрбө, башкаларга да жол бербе. Көлдүн жээги акыр-чикирлерге толуп, кыян жүргөндө кыштоолордогу койдун кыктарын, ж.б. таштандыларды көлгө агызып келип булгап атат. Өзүңдү кыргыздын чыныгы мекенчил уулумун деп эсептесең мына биринчи ошолор менен күрөш, өз мамлекетиңдин мыйзамын ыйык сакта. “Кумтөр” токтосо, инвесторлордун баары качып кетсе, пенсиядагылар менен бюджеттик мекемеде иштегендерге маяна-акы жетпей калса, элдин бийликке нааразычылыгы күчөп, мамлекетибиз алсырап, социалдык көйгөй жаралат.

Маектешкен Эмилбек Момунов,
“Кабар” маалымат агенттиги


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу