Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
18/01 10:08
 

Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетип чыгаруучу завод бир айдан кийин ишке берилет

Бишкек, 18-январь /Кабар/. Кара-Балтадагы "Джунда" мунайды кайра иштетип чыгаруучу завод бир айдан соң ишке берилет. Бул тууралуу журналисттерге экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, завод чийки мунайды үзгүлтүксүз ташып келүү боюнча маселе чечилери менен иштей баштайт. "Мамлекет тарабынан өзгөчө деле көйгөй жок, болгону сырьену ташып келүүнү бир жолго коюп алыш керек болот. Ишкананын тынымсыз иштөөсү үчүн камсыздоо зарыл, антпесе завод бир ай иштеп анан токтоп калса да болбойт",- деди вице-премьер.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу