Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
04/01 12:55
 

Ж.Сатыбалдиев: 2014-жылы былтыркыдай эле бир нече социальдык объектилер пайдаланууга берилет

 Бишкек, 4-январь /Кабар/. 3-январда КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда республикалык бюджеттен 2014-жылга карата «капитальдык салымдар» беренеси боюнча каржылоо каралган курулуш объектилерди аныктоо маселесине байланыштуу жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.
Премьер-министр быйылкы жылы бюджеттен «капиталдык салымдар» беренесине 2 млрд. 500 млн. сом каралгандыгын, бул былтыркыдан 100 млн. сомго көп экендигин билдирди. «Азыр Өкмөт жылдын биринчи жарымында бир нече ири инвестициялык долбоорлорду пайдаланууга берүүнүн үстүнөн иштөөдө. Алардын ийгиликтүү бүткөрүлүшү «капитальдык салымдардын» суммасын көбөйтүүгө шарт түзөт. Быйыл 70% курулуш иштери аяктап, бүтпөй турган объектилер бүткөрүлөт— деди Ж.Сатыбалдиев.
Премьер-министр 2014-жылы былтыркыдай эле бир нече социальдык объектилердин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилерин баса белгиледи.
«Эгер өткөн жылы өлкө боюнча 60 мектеп бүткөрүлгөн болсо, быйыл алардын саны алда канча көп болот», - деди Ж.Сатыбалдиев.
Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө Премьер-министр Каржы министрлигине бюджеттик каражатты Мамлекеттик архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарбасынын эсебине «капитальдык салымдар» беренеси боюнча которбоону эскертти. «Капитальдык салымдарга» бөлүнгөн баардык каражаттар Капитальдык салымдар башкармалыгынын эсебине түшүп, ал эми Мамлекеттик агенттик курулуш иштеринин сапаты менен мөөнөтүн тыкан текшерүүгө тийиш», - деди Ж.Сатыбалдиев.
Мындан тышкары жогоруда белгиленген беренедеги курулуш иштеринен тышкары Тогуз-Торо, Ат-Башы райондорундагы көпүрөлөр, Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери бүткөрүлүүгө тийиш. Мындан тышкары «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен Бишкекке чейинки жол оңдолуп, «Түп-Кеген» жолу курулат.
Ошондой эле жүрөк ооруулуулар үчүн кымбат баалуу жогорку технологиялык жабдык сатылып алынат. Бул аппараттын баасы 5 млн. сом турат.


 

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу