04.01.2014, 11:33

Ж.Сатыбалдиев: Быйыл жеңилдетилген кредиттер айыл чарбасынын кайра иштетүү тармагында иштегендерге берилет

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Быйыл жеңилдетилген кредиттер айыл чарбасынын кайра иштетүү тармагында иштегендерге берилет. Бул тууралуу КР премьер-министри Ж. Сатыбалдиев 3-январда болуп өткөн өкмөттүк жыйында билдиргендигин маалымат менен камсыздоо бөлүмү билидрди.
Премьер-министр өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча республикабыздын фермерлери 3 млрд. 200 млн. сом жеңилдетилген кредит алышкандыгын билдирди. «Быйылкы жылы «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору улантылат. Ошондуктан бул иштин бир бөлүгү январда башталып, февралдан тартып дыйкандар жеңилдетилген кредит ала башташ керек. Быйыл жеңилдетилген кредит айыл чарбасынын кайра иштетүү тармагында иштегендерге берилет», - деди Ж.Сатыбалдиев.
Премьер-министр 5тен ашык коммерциялык банктар «Айыл чарбасын каржылоо» долбооруна катышуу ниетин билдиргендигин кошумчалады. Жалпысынан быйыл 4 млрд. сомдон кем эмес кредит берүү пландаштырылууда.
«Айыл Банк» жана «РСК Банктын» жетекчилигинин өкүлдөрү мурда берилген кредиттердин кайтарылышында көйгөйлөр болбогондугун билдиришти.