02.01.2014, 16:20

Өткөн жылы Өзбекистандын жарандары Россиядан $4,9 млрд, ал эми Тажикстандын жарандары - $3 млрд. которушкан

Бишкек, 2-январь /Кабар/. Өткөн жылы тогуз айда Россиядан Өзбекстандын жарандары эң көп акча - $4,9 млрд которушкан. Ал эми Тажикстанга бат-бат акча которулгандыгын 31-декабрда "Комсомольская правда" РФнын Борбордук банкына шилтеме берип билдирди.
Россиянын Борбордук банкы 2013-жылдын 9 айында Россиядан КМШ өлкөлөрүнө канча акча которулгандыгын билдирген. Баардыгы болуп $15 млрд. дан ашык акча чыгарылган
Эң көп акча Өзбекстанга - $4,9 млрд. чыгарылган. Тажикстанга $3 млрд. которулган. Үчүнчү жана төртүнчү орунда - Украина жана Кыргызстан.
Анткен менен акча которуунун саны боюнча биринчи орунда 26% менен Тажикстан, андан ары Өзбекстан - 24%, Кыргызстан - 15% жана Украина - 14%.
2013-жылдын январынан сентябрына чейин Россиядан Тажикстанга таза акча которуу 2 млрд 687 млн долларды түзүп, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 12,3%га көп экендигин белгилеген басылма.