Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
28/12 17:14
 

Кыргызстандын түндүгүндө электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилет

Бишкек, 28-декабрь /Кабар/. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК максимум көлөмгө саат 06-00дөн 23-00гө чейин Кыргызстандын энергетикалык тутумунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө жергиликтүү азайтуу графиктер боюнча керектөөчүлөргө чектөө киргизүү жөнүндө маалымдайт.Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.


2013-жылдын 25-декабрында Казахстандын энергетикалык тутумунун түштүк бөлүгүндө Южно-Казахстанское ГРЭС – ПС Алма 500 кВ аба электр чубалгысы падаланууга киргизилген. Бул чубалгынын ишке киргизилиши азыктандыруучу тармакты күчөтүп, энергетикалык түйүндүн электр камсыздоосунун ишеничтүүлүгүн жогорулатты. Бирок, ушуну менен бирге Казахстан менен Кыргызстандын энергетикалык тутумдарынын ортосунда 220 кВ мамлекеттер аралык аба электр чубалгылары боюнча электр энергиясынын өтүшү өзгөрүлдү, бул жагдай ПС 7 – Западная-Быстровка 220 кВ аба электр чубалгысынын ашкере жүктөлүшүнө алып келди.
«KEGOC» АК жана «Энергия» КДБ жабдуунун ашкере жүктөлгөнүнө байланыштуу мүмкүн чек чоңдуктарга чейин ПС 7 – Западная Быстровка 220 кВ аба электр чубалгысында электр энергиясынын өтүшүн төмөндөтүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө “Кыргызтан УЭТ” ААКнын дарегине каттарды жөнөтүштү. Антпей турган болсо, ПС 7 - Западнаянын караптык түрдө өчүрүлүшүнүн мүмкүндүгү чоң. KEGOC жана «Энергия» КДБ кыргыз кесиптештерин казак тарабы анын иштөө жөндөмдүүлүгүн сактап калуу масатында “Западная” көмөк чордонундагы Быстровка 220 кВ аба электр чубалгысын өчүрүп салууга мажбур болоруу жөнүндө эскертишти. Бул абал 220 кВ бардык калган транзиттик аба электр чубалгыларынын, ошондой эле Фрунзенская 500 кВ көмөк чордонундагы автотрансформаторлордун караптык ашажүктөлүүсү менен бирге Кыргызстандын энергетикалык тутумунун түндүгүндө олуттуу жагдай түзүлүшү менен коркунуч алып келет.
Мындай жагдай Кыргыз Республикасынын түндүк аймактары боюнча электр энергиясын керектөө лимитин дайыма сактабагандыктан пайда болду. Ашажүктөлүүнү азайтуу үчүн жүктөрдү кайрадан бөлүштүрүү менен режимдик иш-чаралар аткарылган, бул иш-чаралар ПС 7 – Западная 220 кВ аба электр чубалгысында ашажүктөлүүнү жарам-жартылай гана азайтты.
Ошентип, энергетикалык тутумдун иштөө жөндөмдүүлүгүн сактап калуу жана ПС 7 – Западная-Быстровка 220 кВ аба электр чубалгысында ашажүктөөлүүнү азайтуу масатында “Кыргызстан УЭТ” ААК:
Чүй облусу 10 МВт (Кемин, Чүй райондору),
Нарын облусу 10 МВт,
Ысык-Көл облусу 30 МВт
максимум чоңдукка саат 06-00дөн 23-00гө чейин Кыргызстандын энергетикалык тутумунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө жергиликтүү азайтуу графиктер боюнча керектөөчүлөргө чектөөнү 2013-жылдын 27-декабрынан киргизүүгө аргасыз.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу