24.12.2013, 19:30

Евразиялык экономикалык союз 2015-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт

Москва, 24-декабрь /Ширин Төрөгелдиева - Кабар/. Евразиялык экономикалык союз 2015-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Россиянын Президенти Владимир Путин билдирди.

Анын айтуусунда, Бажы союзунун өлкөлөрү евразиялык интеграциянын мындан аркы багыттарын дыкат талкуулашты. «Биздин өнөктөштөр жакындашуу, гармониялуу өнүгүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жол көрсөтүүчү принциптерин колдошту жана негизги максат – жарандарыбыздын жыргалчылыгын жогорулатуу болуп саналат. Кезектеги кадам тармактык бөлүктөрдү макулдашуу, ал боюнча тест 2014-жылы 1-январда даяр болуш керек. Евразиялык экономикалык союз 2015-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт», - деди В.Путин.

Белгилей кетүүчү жагдай, Москвада Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп, ага Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын жана Беларустун Президенттери катышууда.