Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/12 18:51
 

Өкмөт Жогорку Кеңешке «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоонун шарттары тууралуу Макулдашууну сунуштады

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрда КР Өкмөтүнүн кезексиз жыйыны болуп, анда «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо боюнча «Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы каралды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөр боюнча консультативдик кеңеш КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 23-октябрындагы №3508-V токтомун аткаруу үчүн «Центерра Голд Инк» компаниясы менен «Кумтөр» долбоорун реструктризациялоо боюнча кошумча жүргүзүлгөн Макулдашуунун долбоорун сунуштады.

Талкуунун жыйынтыгында КР Өкмөтү тарабынан «Кумтөр» долбоорун реструктризациялоонун шарттары тууралуу Макулдашууну колдоо жана КР Жогорку Кеңешине сунуштоо чечими кабыл алынды.

Бүгүн эле «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоонун шарттары тууралуу Макулдашуу КР Жогорку Кеңешине сунушталды.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу